"Бишкектин Скрябин көчөсүндө жайгашкан жер тилкеси боюнча менин Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгына жиберген катым сунуштама иретинде гана болгон. Мүлктү аресттен чыгар деп талап кылганым жок. Сот чечимине ылайык, ал учурда жер тилкеси арестте эмес болчу, биз сот чечими аткарылууга жатат деп гана билдиргенбиз", - деди Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев 9-февралда маалымат жыйынында.
Сарпашев бул маселе боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы мыйзамдан тышкары бир да кадам жасабаганын, бул иште таза экенин мыйзам менен далилдей турганын айтууда. Мындай аракетти ал саясий оюн деп атап, мунун артында президенттик жарышка катышууну каалаган саясатчылар турат деген пикирин билдирди.