Бүгүн, 13-февралда Бишкекте келерки президенттик шайлоого арналган форум өтүп жатат.
"Иш-чаранын жүрүшүндө депутат Өмүрбек Текебаев ("Ата Мекен"): "Шайлоо таза өтүш үчүн президент Алмазбек Атамбаев мураскер калтырбаш керек. Эгер мураскер болсо, бүгүнкү бийликтин бардык бутактары ошого иштейт, административдик ресурс колдонулат", - деди.
Мындан тышкары депутат шайлоодон кийин президенттин айланасындагылары да бийликтен биротоло кетиши керектигин баса белгиледи. "Акаев менен иштегендер ал кеткенден кийин Бакиев менен иштешип калышкан. Бакиев кеткенде алар Атамбаев менен иштешүүдө. Атамбаев кеткенден кийин алар кайра бийликте калышы мүмкүн. Ошондуктан Атамбаев командасы менен бийликтен биротоло кетиши керек. Ошондой эле биз Атамбаевдин кийинки президенттик шайлоого катышуусуна жол бербешибиз зарыл, анткени ал партиясына сөзсүз жан тартып турат", - деп кошумчалады Текебаев.
Айта кетсек, иш-чарада саясатчылар Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков, Жылдыз Жолдошева, Эмилбек Каптагаев, Исмаил Исаков, Турсунбай Бакир уулу, активисттер Мавлян Аскарбеков, Адил Турдукулов жана башка коомдук ишмерлер катышууда.