Парламентте Мамлекеттик кадр кызматын жоюп салуу сунушу айтылды

Парламентте депутат Максат Сабиров Мамлекеттик кадр кызматын жоюп салуу керектигин айтты. Ал белгилегендей, бир топ убакыттан бери мамлекетте вакансиялык орундарга сынак өтүп келет, бирок сынактан өткөн адамды министрлер кызматка албай жатканын айтты. "Эгер министрлер жактырганын кызматка алып, жактырбаганын албай коё берсе, анда бизге Кадр кызматынын эмне кереги бар?! Министрлер өздөрү каалаган кишисин статс-катчы кылып дайындап ала беришсин",- деди депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан