Депутат президенттин, премьер-министрдин канча акча табышканы жашыруун болуп калат деп чочулоодо

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 14-февралдагы отурумунда мамлекеттик кызматкерлердин кирешелерин, чыгашаларын декларациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралууда.

Долбоорго ылайык, улуттук коопсуздукту камсыздоо багытында иш алып барган кызматкерлердин декларациялары жарыяланбашы керек. Буга депутат Мыктыбек Абдылдаев каршылыгын билдирди. "Кимдердин декларациялары жашыруун калышы керек экенин тактап алсак. Анткени Конституцияга ылайык, президент, премьер-министр, парламент спикери улуттук коопсуздукту камсыздоо багытында да иштешет. Коопсуздук кеңешине кирген фракция лидерлеринин жана комитеттердин мүчөлөрүнүн кирешелери да жашыруун бойдон калышы мүмкүн", - деп нааразычылыгын билдирди депутат.

Долбоордун демилгечилери Абдылдаевдин айтканы туура экенин айтышып, анын сунушун кабыл аларын баса белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан