
Мындан 534 жыл мурун, 1483-жылы 14-февралда айтылуу эмир
Тимурдун урпагы, Улуу Могол мамлекетинин түптөөчүсү
Захириддин Мухаммад Бабур туулган. Башында ал Фергана өрөөнүн башкарып, кийин Кабулду басып алган. 1526-1527-жылдары Бабурдун аскердик кубаты Түндүк Индияга чейин саясий таасирин таратып, Улуу Могол мамлекетин курган. Ал түптөгөн Улуу Моголдор империясы Индияны англичандар басып алганга чейин, 1856-жылга дейре өкүм сүргөн.
Захириддин Бабур тарыхта көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана таанымал акын катары аты калган. Ал илим, искусство жана адабиятка камкордук көрсөтүп, болгону 47 жаш кыска өмүрүндө өрнөктүү адабий жана илимий мурас калтырганга үлгүргөн.
Анын калеминен жаралган айтылуу "Бабур-намэ" кол жазмасы тарыхый даректик жактан жана учкул лирикасы менен айырмаланган чыгарма катары дүйнөлүк маданият казынасынан татыктуу орун алган. Захириддин Бабур ай ааламды буй кылган аскер башчы катары чыгармасында согуштук өнөр туурасында таасын өрнөктөрдү мисал келтирген.
14-февралга карата жылнаама