ЖЫЛНААМА, 16-ФЕВРАЛЬ: 75 жыл мурун Түндүк Кореянын мурдагы лидери Ким Чен Ир төрөлгөн

Мындан 75 жыл мурун, 1942-жылы 16-февралда Корея Эмгек партиясынын генералдык катчысы, Элдик армиянын кол башчысы, Корея Элдик Демократиялык Республикасын 1994-2011-жылдары башкарган Ким Чен Ир Самжиён уездинде төрөлгөн. Ал эми документтеги маалыматтарга караганда, ал 1941-жылы февралда СССРдин Хабаровск крайындагы Вятское айылында жарык дүйнөгө келип, төрөлгөндөгү ысымы Юрий Ирсенович Ким болгон. Атасы Ким Ир Сен ошол учурда Кызыл Армиянын башкы капитаны, кийинчерээк Түндүк Кореянын президенти болгон.

1961-жылдан баштап, Ким Чен Ирдин саясий карьерасы башталган. КЭДРдин Эмгек партиясына кирип, 1973-жылы партиянын Борбордук комитетинин катчысы болуп дайындалган. 1982-жылы КЭДРдин Жогорку элдик чогулушунун депутаты болуп иштеген. 1991-жылдын декабрь айында Корей Элдик армиясынын кол башчысы болуп, бир жылдан кийин КЭДРдин маршалы наамын алган. 1993-жылы Кореянын Коргоо комитетинин төрагасы болуп иштеп, 1994-жылдын июлунда бийликти атасы көз жумгандан кийин мурастап алган. Бийликте 17 жыл турган Ким Чен Ир 2011-жылы 17-декабрда 69 жаш курагында жүрөгү кармап көз жумган.

16-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан