Бакыт Төрөбаев: "Өкмөт тез арада отчёт берсин"

"Кыргыз өкмөтү 2016-жылы жасаган иштери боюнча тез арада отчёт берсин", - деди бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

"Биздин фракция “өкмөт өз каалоосу менен отставкага кетсин” деген чечим кабыл алган. Регламенттин негизинде, өкмөттүн отчёт берүүсүн талап кылабыз. Суроолорубузду берели: ички карыз эмнеге көбөйдү, Мамлекеттик ипотекалык компанияга бөлүнгөн акча эмнелерге жумшалды, канча айыл өкмөтү дотациядан чыкты?", - деп кайрылды өкмөт өкүлүнө Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан