Кыргыз мамлекетинин транспорт ишканалары Түркия менен Германияга 407 миллион сом карыз. Бул боюнча бүгүн, 16-февралда парламентте насыялык карыздарын жоюуга багытталган "Кыргыз Республикасынын автотранспорт ишканаларынын чет өлкөлүк товардык кредиттер боюнча карызын реструктуралаштыруу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканы белгилүү болду.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов эл өкүлдөрүн 407 миллион сом өлчөмүндөгү насыялык карызды жоюу демилгесин колдобоого чакырды. Эл өкүлү белгилегендей, эгерде бул карыз кечиге турган болсо, анда башкалар да өз карыздарын жоюу маселесин көтөрө баштайт.
Ал эми "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев автобустарды сатып алууда коррупциялык кылмыш белгилери болгонун, ошол кездеги айрым аткаминерлер эски унааларды кымбат баада алышып, аларды ишканалардын мойнуна илип коюшканын айтты.
Каржы министрлигинин өкүлү азыр 407 миллион сом карызды жоюуга жана кайра түзүмдөштүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин, карыздын калган бөлүгүн 13 транспорттук ишкана өздөрү төлөй турганын белгиледи.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы кайра артка кайтарылды. Буга демилгечи Иса Өмүркулов депутаттар тарабынан айтылган пикирлерди эске алуу менен, мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга макул экенин билдирди.