Бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов "Кол топтоо жолу менен депутаттын мандаты алынбайт", - деп билдирди.
Анын айтымында, мыйзамда мындай тартип каралган эмес. “Депутаттын мандаты башка мамлекеттин жарандыгын алганда, каза болгондо же болбосо өз каалоосу менен арыз жазганда гана алынат”, - дейт эл өкүлү.
Белгилей кетсек, активист Руслан Бекназаров Ирина Карамушкинаны мандаттан ажыратуу үчүн кол топтоону баштаган. Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Ирина Карамушкина Руслан Бекназаровду Ош окуяларында адам өлтүрүүгө тиешеси бар экендигин айткан.