Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-февралда Бельгияга болгон иш сапарынын алкагында Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Кыргыз мамлекети менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тарапка пайдалуу чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын маанилүү маселелерин, ошондой эле өз ара аракеттенүүлөр планын талкуулашты. Тараптар быйыл Кыргыз Республикасында өтө турган президенттик шайлоолор боюнча пикир алмашты. ММКлардагы маалыматтарга таянсак, Туск президент Алмазбек Атамбаевден "келерки президент жана сиздин мураскер ким болорун билесиз деген үмүттөмүн" деп сурап, ал эми Атамбаев шайлоо күнүн гана билерин, бирок кимдин президент болушу белгисиз экенин айтып жооп узаткан.