“Жорго такси” таланттуу жана жардамга муктаж балдарга колдоо көрсөтүүдө

Жалгыз бой, 4 баланын энеси Элнура Өзүбекова ар кайсы ишканаларга кайрылып, бирок жооп ала албай айласы куруган. Жалгыз бой экени аз келгенсип, анын 6 жаштагы секелек кызынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү. Башка балдар катары эле билим алып, курбулары менен ойноп-күлчү убагында кулагы укпай жана сүйлөй албай бир дүйнөсү кем болуп келген. Кызына 34 000 сомго угуу аппаратын алып бергенине ыраазы болгон эне буларды айтат.

"Жорго такси" биздин кайгыбызга кайдыгер карабастан өздөрү мага кайрылып, жардамын аяган жок. Кызымдын кулагына угуу аппаратын, кымбат дарыларды алып берди. Толугу менен дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөргөнгө жардамдашты. Биздин үй-бүлөнү кышында көмүр, азык-түлүк менен камсыздады", - дейт Өзүбекова.

Жалгыз бой эненин кайгысы менен тең бөлүшкөн компания таланттуу балдарга да жардамын берип, майрамдык маанай тартуулады. Көркөм сүрөт мектеп-интернатынын математика мугалими Айнура Баялиева Жаңы жыл алдында балдарга белек даярдоо максатында демөөрчүлөрдү издеген.

“Биз бюджеттик мекеме болгондон кийин жыл сайын балдарга майрам тартуулоо үчүн ар кандай компанияларга жардам сурап кайрылабыз. Бул жолкусун көптөгөн ишканаларга кайрылуу жазып, балдардын тарткан сүрөттөрүн алып бардык. Эч кимисинен жооп болгон жок. Ошол учурда “Жорго таксиге” түшүп калдым. Айдоочу менен сүйлөшүп баратып, демөөрчү издеп жүргөнүмдү айттым. Айдоочу алардын компаниясына кайрылууну сунуштады. Анан “Жорго такси” компаниясынын жетекчиси Алтынбек Каримовго байланышсам, Жаңы жылга карата биздин балдарга таттууларды алып келиптир. Аябай баарыбыз ыраазы болуп калдык”, - деди мугалим.

Компания мындан кийин кызматташа турганын айтып, дагы жардам берерин билдирген.

“Биз эми алардын жардамын алып тим болбостон сүрөт көргөзмөлөргө чакырабыз. Биздин мектеп-интернатта жалаң таланттуу балдар окуйт. Жалпы саны 160. Алардын 95 пайызы алыскы аймактардан келип окушат. Алар үчүн “Жорго таксинин” белеги баалуу болду”, - деди ыраазы болгон мугалим.

Ата-энеси алыстагы балдар мугалимден болобу же тарбиячыдан болобу, өзгөчө мээрим күтүп камкордукка зар болору белгилүү нерсе. Ата-эне, бир туугандарын сагынып, мээрим жетпей турган балдар үчүн, албетте, бул сооп иш. Муну ар ким эле түшүнүп, жасай бербейт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aziiiz
2017-02-25 10:31:06
Азаматсынар ийгилик силерге мен да жорго тахсини коп колдоном абдан ынгайлуу тез келишет
-1
meni_kut
2017-02-25 10:33:24
бир эмес эки кылмышкер айдоочусу мн атагы чыкты,тушкон авторитетин кайтарганга аракет кылган атат
+1
barakcha
2017-02-25 19:07:40
meni_kut,пейилинди ондосон боло?!
0
meni_kut
2017-02-25 10:34:36
чын жакшылык кылса жар салмак эмес
+4
talant87
2017-02-25 12:14:41
озун мактап элге жакпасада садака бергени кудайга жагат
+2
bakulya2015
2017-02-25 14:06:45
Азамат экендер,соопко иштей беришсин жараткан Аллах колдосун!
+2
ayjan_90
2017-02-25 20:15:40
Ишинерге ийгилик жигиттер жорго таксинин кардары коп болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан