"Эгер Курманбек Бакиев Кипрге жашыруун барган болсо, ал Беларуста жок болмок", - деди бүгүн, 22-февралда маалымат жыйынында саясатчы Феликс Кулов.
"Бакиев Текебаев менен жолугуштубу же жолугушкан жокпу мен билбейм. Бирок Бакиевдин Кипрге барышы логикага туура келбейт. Эгер ал чын эле Кипрге жашыруун барган болсо жана бул тууралуу белгилүү болуп калса, Бакиев Беларуста жок болмок. Мен буга 100 пайыз ишенем. Анын Кипрге барган-барбаганын аныктоо беларусиялык чекисттер үчүн оор эмес. Бакиевдин Кипрге барганы аныкталса, муну өзүңөр сезе аласыңар", - деди журналисттерге Кулов.