Өмүрбек Текебаевди учактан түшөрү менен кармап кетишти. Бул тууралуу маалыматты "Ата Мекен" партиясынын өкүлү SUPER.KG порталына тастыктады.
Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып келе жаткан. Бүгүн саат 03:00 чамасында учуп келип, учактан түшөрү менен УКМК кызматкерлери кармап кетишкен. Депутат 48 саатка камакка алынды.
Айта кетсек, кечээ, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге кылмыш ишин козгогон.