Өлкөбүздүн алдынкы мобилдик оператору 4G LTE түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтүүсүн улантууда. Эми MegaCom'дон 4G-интернет кызматы 3 шаар жана 13 калктуу конушта колдонууга жеткиликтүү.
Чүй облусу: Шопоков ш., Лесное а., Манас а., Учкун а., Кара-Сакал а., Күнтуу а., Кичи Шалта жана Чоң-Жар айылдары.
Ош облусу: Өзгөн ш., Ноокат ш., Өзгөрүш а., Гүлстан а., Кызыл-Тейит жана Фрунзе айылдары.
Жалал-Абад облусу: Кургак-Көл жана Күмүш-Азиз айылдары.
Мобилдик оператор учурдагы базалык станцияларды модернизациялоо жана жаңыларын орнотуу менен жаңы жогорку ылдамдыктагы технологияны өнүктүрүп келет. MegaCom'дон 4G LTE түйүнү Бишкек, Ош, Кара-Балта шаарларында жана ошондой эле Чүй облусунун Новопокровка айылында жана Жалал-Абад облусунун Сузак айылында мындан дагы жакшы иштеп жатат.
Техникалык бөлүмдүн адистеринин аткарган иштеринин жардамы менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чолпон-Ата, Каракол, Кант, Кара-Балта, Токмок жана Кара-Суу шаарларынын жана ошондой эле Чүй облусунун 24 айылынын, Ош облусунун 13 айылынын жана Ысык-Көл облусунун 7 айылынын тургундары заманбап технологиянын кызматтары менен колдонуп келишет.
MegaCom'дон жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясын кошордун алдында сиздин түзмөгүңүз жана SIM-картаңыз төртүнчү муундагы түйүнүн колдоорун алдын ала текшерип алыңыз. *460 чакыруу акысыз буйруусун териңиз. Эгерде *460 буйруусун тергениңизден кийин системадан «SIM-картаңызды алмаштырыңыз» деген жооп келсе, компаниянын жакынкы жердеги жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылууңуз керек. Ал жерден сиздин эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.
MegaCom'дон 4G LTE менен чыныгы ылдамдыкты сез!