1-мартта “Ата Мекен” саясий партиясы Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча Кыргыз мамлекетинин жарандарына, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарына, саясий партиялардын лидерлерине, укук коргоочуларга, бейөкмөт уюмдарга, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнө кайрылып, билдирүү таратты. Анда фракция лидеринин камакка алынышы негизсиз экени айтылат.
Кайрылуунун тексти:
"Ата Мекен” партиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, бардык саясий партияларга, Кыргыз Республикасынын президентине бардык талапкерлерге кайрылат!
Биз Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына УКМКга ишенбейбиз!
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Өмүрбек Текебаевге бөгөт коюунун эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган башка чарасына өзгөртүүнү талап кылышы керек. “Ата Мекен” фракциясы Өмүрбек Текебаевге жазык ишин козгоонун мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө парламенттик териштирүү жүргүзүүнү талап кылат.
Эгерде Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн болчу соттук жазалоого жол бериле турган болсо, президенттик шайлоолордо саясий атаандаштарды четтетүүнүн жосунсуз жоругу күч алат, бул азыркы бийликтин жана президенттин мураскорунун административдик ресурсун бир нече эселеп арттырат. Ошентип шайлоо атаандаштыгынан башка бардык талапкерлер четтетилет.
Урматтуу Кыргыз жарандары!
Президент бийликтен сөзсүз кетип жаткан шартта тең мүмкүнчүлүктүү шайлоолорду өткөрүүнүн эки келбес, кайталангыс тарыхый мүмкүнчүлүгү бийликти мыйзамсыз узарпациялоонун, басып алуунун пайдасына кетет! Ачык-айкын шайлоолор жана элдин чыныгы эркин билдирүү кепилдиктери коркунучта!
"Ата Мекен" партиясы бардык прогрессивдүү саясий күчтөрдү мына ушундай коркунучтун алдында биригүүгө – “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” март, апрель ыңкылаптарынын баатырлары баштарын сайган асыл идеялар, эгемен республикабыздын чыныгы демократиялык келечеги үчүн бекем турууга чакырат. Биз баарыбыз биргеликте мыйзамдуулукту калыбына келтиришибиз жана бийликти узарпациялоонун, мыйзамсыз ээлеп алуунун улам күч алып бараткан аракеттерин токтотушубуз керек! Күч – бирдикте! Эгемен элибиздин эртеңки келечеги үчүн бир бололу!"