Камакта отурган Өмүрбек Текебаев Боинг кырсыгы боюнча маалымат таап, бирок аны элге жарыялоого үлгүрбөй калганын билдирди. Депутат жактоочусуна кат жазып, бул маалыматты элге жеткирип коюуну өтүнгөн.
"Менин Кипрге, Венага болгон сапарымдын жыйынтыгында менин колума 2017-жылдын 16-январында Бишкек аэропортунда болгон авиа катастрофа боюнча маалыматтар тийди. Тилекке каршы, аларды жарыялаганга үлгүрбөй калдым. Бул маалыматтарды тийиштүү кишилер аркылуу силерге берем. Бул маалыматтарды коомчулукка жана депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнө жеткирип койсоңуздар. Эл чындыкты билиши керек", - деп жазылат Текебаевдин катында.
Бүгүн "Ата Мекендин" юристтери Бишкектин четине кулаган Боинг учагындагы жүк президент Алмазбек Атамбаевге таандык экенин далилдей турган документтер бар экенин жарыялашты.