Президент Алмазбек Атамбаев депутат Өмүрбек Текебаевди колдоп чыккандардын ураанын сындады. Өлкө жетекчиси "Ата Мекен" деген сөз бир партиянын менчиги эместигин айтат.
"Атамбаев, "Ата Мекенден" колуңду тарт!" деп лозунг көтөрүп алышыптыр. Биздин Ата Мекенибиз Кыргыз мамлекети. 7-апрелде курман болгон жигиттер сасыган партияңар үчүн өмүрүн берди дейсиңерби? Ата Мекенибиз үчүн берди! Кыргыздын ыйык сөздөрүн да уурдап, менчиктештиргиңер бар. Эл ичинде партияңарга эчак эле башка ат коюшкан. Башчыңарга жараша! Туугандар, булардын кылыгын видеого тартсаң да, бул эмесмин, кур да меники эмес деп айтат. Колунан кармасаң да кол меники эмес дейт. Бул күнөөсүн моюнга алып кечирим сурайт деп ойлобогула! Буларда уят, бет деген жок!" - деди Атамбаев.