Эмил Үмөталиев УКМКнын сурагында болгон сүйлөшүүнү ачыктабайт

2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмил Үмөталиев УКМКнын сурагында болгон сүйлөшүүнү ачыкка чыгарбайт. Суракта айтылган сөздөрдү ачыкка чыгарбоого кол коюп бергенин гана билдирип "баары жайында. Айрым жагдайларды тактоо боюнча катардагы иштердин бири болду" деди.

УКМК Үмөталиевди 4-мартта суракка чакырган. УКМК сурак депутат Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу экенин маалымдаган.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Депутат 25-апрелге чейин камакта болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан