"Элдик парламенттин" мүчөлөрүнө карата сот өкүмү бүгүн чыкпайт. Сот отуруму 22-мартка жылдырылды

"Элдик парламенттин" мүчөлөрүнүн иши боюнча сот отуруму 22-мартка жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына адвокат Акин Токталиев билдирди. Бүгүн, 7-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда "Элдик парламенттин" мүчөлөрүнө карата сот өкүмү чыгары күтүлгөн.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде камакка алынышкан. Алар 12 жылдан 22 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мамлекеттик айыптоо Дастан Сарыгуловду 12 жыл, Кубанычбек Кадыровду 16 жыл, Бектур Асановду 15 жыл, Эрнест Карыбековду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 22 жылга эркинен ажыратууну сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан