"Жогорку Кеңештин аппаратынын жана иш башкармалыгынын башчысы Абдыманап Кутушев кызматынан бошотулушу керек". Мындай жыйынтыкка бүгүн, 7-мартта парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөлөрү келишти.
Алардын айтымында, Кутушев бир жыл ичинде 10 жолу чет өлкөлөргө иш сапары менен барып келген. "Биз, депутаттар мынчалык чет өлкөлөргө барбайбыз", - деп нааразы болушкан комитет мүчөлөрү.
Кутушев өз сөзүндө 10 жолу эмес 6 жолу чет өлкөгө иш сапары менен барганын айтып, иш сапарларынын бирөөсү эле мамлекеттин эсебинен уюштурулганын билдирген.
Кутушевди иштен бошотуу тууралуу комитеттин жыйынтыгы спикер Чыныбай Турсунбековго жөнөтүлдү.
Эскерте кетсек, Абдыманап Кутушев 2016-жылдын май айынан тарта парламенттин аппаратынын жана иш башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келет.