Бүгүн, 9-марттагы парламенттин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко Кыргыз Республикасы дүйнөдө кедей мамлекеттердин катарына киргенин айтты. Буга КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов "Лейлек районунун эли Кудайга шүгүр, экономикабыз өнүгүп жатат" деп айтып жатат", - деп билдирди.
"Акыркы 5 жылда ошол жактын жолдору бүтүп, турмуш шарты оңолуп жатканын эл өзү айтып жатышат. Оппозиция депутаттары Өзбекстандын, Казакстандын айылдарына барып айланып келип, салыштырса туура болмок", - деди депутат.