Депутаттар Өмүрбек Текебаевдин СИЗОдон жазган билдирүүсүн окууга уруксат беришкен жок

"Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов спикер Чыныбай Турсунбековго президенттин өкүлүн тартипке салууну сунуштады.

"Оюбузду, көз карашыбызды айтуу ыйык милдетибиз. Анда Конституция өзгөртүү киргизели. Мындан кийин президенттин, өкмөттүн, башкаруу коалициясынын дарегине сын айтпайлы деп. Баш мыйзамдагы өзүбүздүн укугубузду чектөөгө болбойт", - деди депутат.

Мындан сырткары Шыкмаматов Өмүрбек Текебаев парламенттин таратуу боюнча билдирүүсүн окуп коюуну суранды. Бул маселе добушка коюлуп, депутаттар тарабынан колдоо тапкан жок.

Буга чейин президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев "Карапайым элдин атынан саясий багыттагы иштерди палатага алып чыгууга депутаттардын укугу жок" деген оюн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан