Аида Салянова экинчи ирет УКМКда сурак берүүдө

Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Салянова бүгүн, 13-мартта УКМКга суракка барды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутаттын жардамчысы билдирди. Салянова УКМК имаратына саат 16:00гө жакын кирип кеткен, азырынча чыга элек.

Белгилей кетсек, бул аталган депутаттын экинчи ирет суракка чакырылышы. Буга чейин 2017-жылдын 1-февралында УКМКда 4 сааттан ашык суракта болгон. Анда УКМКнын алдында Салянованы колдогондор митингге чыгышканы белгилүү.

2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүүдө.

Алексей Елисеев Максим Бакиевдин жакын адамы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан