Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-мартта 5 өлкөнүн элчисинен Ишеним грамотасын кабыл алды. Андан соң мамлекет башчы аны сотко берүү аракетине пикирин айтты. Президент Равшан Жээнбеков баштаган оппозиция өкүлдөрүн, айрым журналисттерди сындап:
"Ушул сасык саясатчыларга кантип ишенесиңер? Албетте, булар да эртең мени бир сасыган партиянын өкүлдөрүнө окшоп сотко беришет, "бизди вонючий деп айтты" деп. Эне тилин билбеген маңкурттарга түшүндүрүп кетейин: саясатчы "Шанель" менен "Диорду" себинип, француз атыры жыттанса да, эгер ыплас иштерге булганса, андайды кыргыздар сасык саясатчы деп айтат. Албетте, сасык саясатчы башкарган партияны да сасыган партия дебей, эмне деп айтабыз?" - деди.
"Эми булар "тегерек стол" өткөрөт имиш. Мындайлар менен абийирдүү адам бир столго отурмак түгүл, жакын жолобойт. Теңелбейин деп, ичинен баш чайкап тим болот. Бул маңкурттар "ичинен баш чайкап" дегенди да "покачал головой в животе" деп айтты дешип, эми мени сотко берет (күлүп)", - деп кошумчалады Атамбаев.