ТЕСТ: Кыргыздын чоңдору канча жылга кесилген?
Кыргыз Республикасынын тарыхында саясий куугунтуктар көп болгону айтылып келет. Оор кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылып, абакка отургузулган саясатчылар бийлик алмашкандан кийин эркиндикке чыккан учурлар бар. Бүгүнкү күндө айрым оппозиция өкүлдөрүнө карата кылмыш иштери козголуп, алар түрмөгө отургузулушу мүмкүн. Буга байланыштуу саясий серепчилер өлкөдө саясий куугунтук күч алды дешүүдө.
Сунушталган тесттен өтүп, саясатчылар жана чиновниктер кандай жазага тартылганын канчалык билериңизди текшерип алсаңыз болот.