Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды. Ага 101 депутат “макул”, 6сы “каршы” деп добуш берди.
Бул мыйзам долбоорду КСДП фракциясынын депутаттары Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов жана “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаттары Жыргалбек Турускулов, Табылды Тиллаев сунуштаган.
Эске салсак, башында бул мыйзам "чет элден каржыланган медиага сырттан келген акча жалпы каржынын 20 пайыздан ашпоосу керек” деп чектөө киргизилген. Кийин "чет элдиктерге таандык үлүшү 35 пайыздан ашпашы керек" деген бөлүк калтырылган. Ошондой эле алар телеканалдардын ээлери Кыргыз Республикасынын жарандары болууга тийиш экенин белгилешкен. Ал эми гезиттер менен радиолорго эч кандай тийиштиги жок экенин билдиришкен.