“Эл жергиликтүү кеңештин депутаттарынын билими жогору болушун талап кылып жатат”, - деп бүгүн, 17-мартта "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев парламентте журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.
Эл өкүлү айыл өкмөт башчыларын түз шайлоого багытталган мыйзам долбоорунда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын санын көбөйтүү каралганын белгилеп өттү.
"Ысык-Көл, Нарын облусунун тургундары менен жолуктум. Эл бул мыйзам долбоорду колдошорун айтышты. Алар айыл башчыларын эл шайлаш керек деген ойлорун билдирди. Себеби башчы элге отчёт бериши керек. Азыр болсо айылдык депутаттарга гана маалымат берип жатышат. Нарында эл "айыл башчы 6 депутатка суу жээгинде шашлык менен отчёт берип жатат" деп айтууда. Кээ бир жерде 11 депутаттын айтканы менен иштеп калгандар бар", - деди ал.
К.Бокоев өзү эки жолу айыл башчы болуп шайланганына токтолуп: "Мен Талас облусунун Аманбаев айылында 2005-жылы эл тарабынан шайлангам. Ал эми 2009-жылы болсо депутаттар шайлашкан. Айырмасы чоң. Депутаттар шайлаганда айыл аксакалдары "Эмнеге биз укпай калдык?" нааразы болушкан", - деди.