"Кыргыз мамлекети советтер союзуна кирген өлкөлөрдүн ичинен жергиликтүү башкаруу иштерин алып барууда алдыда", - деп "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев бүгүн, 17-мартта парламентте журналисттер менен жолугушууда билдирди.
"Биздин өлкө жергиликтүү башкаруу иштерин алып барууда Орусия, Казакстандан да алдыдабыз. Өзбекстан, Түркмөнстанды айтпай эле коёюн, ал эми Тажикстан бизден үйрөнүп жатат. Кыргыз өкмөтү тик сызык, жергиликтүү бийлик түз сызык болушу керек. Бул жергиликтүү бийлик өкмөткө баш ийбейт дегенди түшүндүрөт. Бүгүнкү Конституциябызда жазылгандай президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасы да айыл башчысын, мэрди кызматтан алып сала албайт. Сөгүш да жарыялаганга укугу жок. Акимдер айыл башчылары биздин кол астыбызда деп ойлоп жатышат. Бирок мыйзамда андай эмес", - деди депутат.
Ошондой эле ал каржы маселесине дагы токтолду. "Өкмөт бюджетти күрп тооктой болуп басып алып жатат. Жергиликтүү бийликке бөлүп бергиси жок. Депутаттар "баланча айыл өкмөткө берип койгула" деп суранууда. Ошондо алар өздөрүнүн бюджетиндеги каражатты ала албай жатышат. Мына ошондуктан айыл өкмөт башчыларын эл шайласа, айылдагы көйгөйлөр чечилмек", - дейт ал.
Эске салсак, Кенжебек Бокоев демилгелеген «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө» мыйзам долбоору 16-февралда Жогорку Кеңештин биринчи окуусунда жактырылган.