Ысык-Көл облусунун башчылыгына дайындалган Узарбек Жылкыбаев ишти эмнеден баштай турганын айтып берди

Бүгүн, 17-мартта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңыдан дайындалган Узарбек Жылкыбаев ишти эмнеден баштай турганын SUPER.KG порталына айтып берди.

"Жакында жазгы талаа иштери башталат. Туристтик сезондун башталышына аз убакыт калды. Ошого карата даярдыктарды көрөбүз. Каракол шаарында жол маселеси курч бойдон турат. Оңдоо иштерин баштап алсак, бүтүргөндүн айласын табабыз. Депутат болуп жүргөндө Балыкчы-Корумду жолундагы оңдоо иштери боюнча көйгөйдү көтөрүп жүрчүмүн. Жолду бүтүрүү аракетин көрөбүз деп пландап жатабыз. Бул аткаруу бийлиги болгондон кийин өкмөттүн программасынын негизинде иш алып барам", - деди Узарбек Жылкыбаев.

Ал 22-марттан тарта жергиликтүү калк менен жолуга турганын кошумчалады.

"Бүгүн облустун активдери менен жолуктум. Депутат кезимде дагы облустун тургундары менен кезигип турчумун. Эми иш күнүнөн тарта эл менен жолугам", - деди Жылкыбаев.

Белгилей кетсек, Узарбек Жылкыбаев аталган кызматка бүгүн дайындалды. Буга чейин ал Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын депутаты болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан