Кыргыз Республикасы менен Индиянын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнө 25 жыл болду. Буга байланыштуу эки өлкө президенттери бири-бирине куттуктоо телеграммаларын жиберишти. Бул тууралуу 18-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз мамлекетинин башчысы Алмазбек Атамбаев маанилүү дата менен куттуктай турганын айтып: "Биздин өлкөлөр ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу жана келечекке багытталган кызматташууну туруктуу кеңейтилип жатышын жогору баалайм. Негизги тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча жетишилген макулдашуулардын баарын ишке ашыруунун маанилүү экенин белгилейм", - деп айтылат телеграммада.
Индиянын президенти Пранаб Мукержи өз телеграммасында: "Индия менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер бардык чөйрөлөрдө ийгиликтүү өнүгүп жатканы канааттандырат. Ар кыл тармактарда жетишкен ийгиликтерди бирге белгилеп жаткан ушул маанилүү күндө биздин өз ара пайдалуу мамилелердин мындан ары да бекемдей берерине ишеним артабыз", - деди.