Кыргыз Республикасынын Коргоо кеӊеши "Коопсуздук кеӊеши" деп өзгөртүлдү

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеӊеши Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеӊеши деп өзгөртүлдү. Тийиштүү мыйзамдарга президент Алмазбек Атамбаев 18-мартта кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеӊеш 2017-жылдын 15-мартында кабыл алган. Максаты - Кыргыз Республикасынын коргоо жана коопсуздук тармагындагы мыйзамдарын 2016-жылдын 11-декабрында кабыл алынган жаӊы Конституцияга ылайыкташтыруу. Өлкөнүн "Аскердик абал жөнүндө" жана "Айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамдарына кол коюлган. "Кыргыз Республикасынын Коргоо кеӊеши", "Кыргыз Республикасынын коргоо жана Куралдуу күчтөрү тууралуу" сыяктуу бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан