БШК: Икрамжан Илмияновдун КСДП партиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуу боюнча арызы качан каралары белгисиз

Икрамжан Илмиянов КСДП партиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуу боюнча арыз жазды. Анын арызы качан каралары азырынча белгисиз. Бул тууралуу 22-мартта SUPER.KG порталына БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 19-мартта Абдыманап Кутушев жогоруда аталган партиянын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуу боюнча арыз жазганын тастыктаган. Илмиянов менен Кутушевдин арызын БШК канааттандырса, Жогорку Кеңешке депутат болуу кезеги тизме боюнча 52-саптагы Аида Касымалиевага келет.

17-мартта КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештеги депутат Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан