Бүгүн, 23-мартта Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын доо арызы боюнча соттук териштирүү болуп өттү. Анда ишеним каттын негизинде президенттин кызыкчылыгын коргоп жаткан Айжан Кадырова өлкө башчысынын сөзүндө "Ата Мекен" партиясы жана Өмүрбек Текебаев жөнүндө айтылбаганын билдирди. "Ата Мекендин" өкүлү Таалайгүл Токтакунова болсо, аны менен макул болгон жок. Токтакунова соттон акыйкаттуу чечим күтөрүн айтты: "Биз бир эле чечимди күтүп жатабыз - укук бузулбаш керек, сот акыйкаттуу чечим чыгарыш керек".
Судья Алмаз Калыбаев кийинки отурумду дүйшөмбү күнү 27-мартта саат 9:30га дайындады.
Эске салсак, 6-март күнү өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине катышкан. Анда өлкө башчы сөз сүйлөп жатып, парламенттеги айрым партияларга бир катар сындарды айткан.
"Ата Мекен" партиясы Алмазбек Атамбаевдин "сасык партия", "мародёр" дегенин партияга карата айтылды деп, муну кемсинтүү жана мазактоо катары кабыл алган. Өлкө башчысынын айткан сөздөрүн төгүндөөсүн талап кылып, сотко кайрылган.