29-мартта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин V жыйыны болот. Бул тууралуу 23-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда жыйында "2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алдын-ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейинки мезгилге карата Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо жөнүндө" маселе каралат.