Аида Касымалиевага депутаттык мандат берилди

КСДПнын талапкери Аида Касымалиевага депутаттык мандат берилди. Мындай чечим 23-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды. Касымалиева парламенттин мурунку депутаты Узарбек Жылкыбаевдин ордуна келди. Жылкыбаев 17-мартта Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалган.

Аида Касымалиева 1984-жылы 7-августта Ош шаарында төрөлгөн. 2005-жылы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. Эмгек жолун 2004-жылы "Азаттык+" жаштар берүүсүндө редактор болуп иштөө менен баштаган. Андан кийин "Ой ордо" берүүсүнүн алып баруучусу болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан