“Демократиялык мамлекеттерде журналист туура эмес маалымат жазса да аны сотко беришпейт” дейт Равшан Жээнбеков

Демократиялык мамлекеттерде журналист туура эмес маалымат жазса да аны сотко беришпейт. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта сөз эркиндиги тууралуу өтүп жаткан форумда оппозиция өкүлү Равшан Жээнбеков билдирди.

"Мындай мамлекеттерде ММКлар кандай бир жалган маалымат жазып койсо да чыдайм деп саясатка аралашат. Тилекке каршы, биздин мамлекетте тескерисинче президент баш болуп, анын тегерегиндегилер баштап соттошуп жатат", - деди ал.

Ал азыркы учурда сотко берилген ММКларды мисал келтирди.

"Бул көрүнүшкө токтоло албайбыз. Бирок жарандык активисттер, саясатчылар, журналисттер, баарыбыз биригип, каршылыкты чогуу көрсөтүшүбүз керек", - деди Жээнбеков.

Эске салсак, Башкы прокуратура "Заноза" жана "Азаттыкты" президенттин аброюна шек келтирди деп сотко кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан