Мындан 12 жыл мурун, 2005-жылы 24-мартта өлкөнүн ар бир бурчунан келген эл толкуну Бишкекте чогулуп, ошол кездеги президент Аскар Акаевдин режими кулатылган. Тарыхта бул окуя "Жоогазын революциясы" деген ат менен калган.
2005-жылдын февраль айында болгон депутаттык шайлоолор ыплас өтүп, эл колдогон адамдар депутаттык мандаттарынан ажыраган. Мындай адилетсиздикке күбө болгон карапайым калк түп-тамыры менен көтөрүлүп, ар бир региондордо нааразычылык акцияларын өткөрө баштаган.
Чуулгандуу парламенттик шайлоодон чыккан жаңжал бийликтин баркын кетирип, акыры 24-март күнү миңдеген адамдар Бишкектеги Ак үйдү басып алышкан. Мамлекет башчысы өлкөнү таштап, өкмөт башчысынын отставкага кетишине байланыштуу Кыргыз мамлекетинде кыска убакытка бийлик боштугу жаралган.
Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш татаал абалдын чыгып, парламент төрагалыгына Ишенбай Кадырбековду шайлаганга жетишкен. Укук коргоо органдарынын өзүнө жүктөлгөн милдетин аткарбай коюшуна байланыштуу шаарда талап-тоноо, укук бузуулар күч алган. Оппозиция лидерлери 24-мартта жыйын куруп, анда Координациялык кеңеш уюшулган. Анын төрагалыгына Курманбек Бакиев дайындалып, Координациялык кеңеш алгачкы маселелер катары коопсуздук, тартипти сактоо маселесин карап, элдик кошуундар түзүлгөн. Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова Аскар Акаевдин өлкөдөн чыгып, ал эми өкмөт башчы Николай Танаевдин кызматтан кеткендигин билдирип, өлкөдөгү жогорку бийлик Координациялык кеңешке берилерин белгилеген.
24-мартка карата жылнаама