Партиянын саясий кеңеши КСДП фракциясына Жанар Акаевди фракциядан чыгаруу тапшырмасын берди. Бул тууралуу 24-мартта аталган партиядан билдиришти.
Маалыматка караганда саясий кеңеш Ж.Акаевдин иш аракеттери КСДП фракциясынын ич ара бекемделишине каршы келет деген чечимге келген.
SUPER.KG порталына аталган фракциянын басма сөз кызматынан: "Кечээ партиянын саясий кеңеши жыйын өткөрүп Жанар Акаевди фракциядан чыгаруу чечимин кабыл алган окшойт. Алар сунушту фракция лидерине жөнөтүшөт. Андан кийин чечимди фракция жыйын өткөрүп кабыл алат", - деп билдирди.
Жанар Акаев кечээ, 23-мартта Твиттердеги баракчасына КСДП партиясынын максаттары жазылган сүрөттү илип, "КСДПнын убадасы ушундай эле, шайлоодо программаны аткарганы аракет кылсак да жаманбы?" деп жазды.
Айта кетсек, 22-мартта КСДП партиясынын саясий кеңеши жыйын өткөрүп, анда Жанар Акаевди мандаттан ажыратуу маселеси каралары айтылган. Кворум чогулбай жыйын башка күнгө жылганы кабарланган. Ж.Акаев журналисттерге фракциядан чыгарылышы тууралуу маалыматы жок экенин билдирип, мандатын тапшырбасын айткан.