2017-жылдын 28-майында 19 айылдык кеӊешке депутаттарды шайлоо өтөт

2017-жылдын 28-майында Кыргыз жеринде 19 айылдык, 2 шаардык кеӊештин депутаттарын шайлоо өтөт. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун 27-мартта президенттик аппараттан билдиришти.

Жергиликтүү кеӊештин депутаттары шайланчу айыл округдары:

  • Кадамжай районунун Совет айылы.
  • Аксы районунун Кара-Жыгач айылы.
  • Сузак районунун Кызыл-Туу айылы.
  • Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылы.
  • Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылы.
  • Ысык-Көл районунун Бостери, Кара-Ой айылдары.
  • Тоӊ районунун Улахол айылы.
  • Араван районунун Юсупов айылы.
  • Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылы.
  • Кара-Суу районунун Ак-Таш, Жоош айылдары.
  • Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылы.
  • Жайыл районунун Полтавка, Красновосточный айылдары.
  • Кемин районунун Көк-Ойрок айылы.
  • Москва районунун Александровка айылы.
  • Сокулук районунун Орок, Ново-Павловка айылдары.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак жана Ош облусунун Ноокат шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтөт. Президенттин жарлыгы менен өкмөткө, Борбордук шайлоо комиссиясына, жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына шайлоого даярдык көрүү тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан