Талас районундагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундарынын арасында “Альянс Алтын” компаниясынын Кубогу үчүн спорттун футбол, волейбол жана улуттук оюндардын бир катар түрлөрү боюнча Нооруз майрамына карата мелдеш өткөрүлдү. SUPER.KG порталынын жамааты иш-чарага жеринен күбө болуп кайтты. Бекмолдо айыл өкмөтүнө Сасык-Булак, Кара-Ой, Кеңеш жана Хан-Бүргө айылдары кирет. Жергиликтүүлөр негизинен мал-чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенет.
Айыл элин күнүмдүк тиричилик, түйшүктөрдөн алаксытып, атайын майрамдык маанай тартуулаган – “Жер Үй” алтын кенин иштетүүчү "Альянс-Алтын" ишканасы болду.
"Биз бул иш-чараны атайын Нооруздан кийинки убакытка белгиледик. Анткени айыл өкмөттөгү эң алдынкы оюнчулар борбордогу республикалык мелдештерге катышышты. Оюндарды жогорку деңгээлде уюштурууга болгон күч аракетибизди жумшадык. Бул иш-чара облустун коомчулугу үчүн компания тараптан көрүлүп жаткан камкордуктун бир бөлүгү. Мындан ары да жергиликтүү жашоочулар менен тыгыз байланышта болобуз", - деди "Альянс-Алтын" жоопкерчилиги чектелген коомунун Башкы мүдүрүнүн коопсуздук боюнча орун басары, генерал-майор Көлбай Мусаев.
Оюн 2 күнгө созулуп, ага катышкан оюнчулардын саны 350гө чукулдады. Айыл аймактын тургундары жалпысынан оюндун 9 түрү боюнча беттешип, мелдештин байге фонду 137 миң сомду түздү.
Бекмолдолуктар волейбол оюнуна катуу кызыга турганын алардын көрсөткөн оюндары далилдеди. Волейбол оюну мырзалар арасында гана эмес, кыз-келиндер арасында да кызуу таймаш жаратты.
"Айылда аялдар негизинен үй жумуштары менен эле алек. Бул ирет уюштуруучулар бизди да эске алышып, мелдешке кошушту. Аз да болсо күнүмдүк түйшүктөн алаксып, айымдар үчүн абдан жагымдуу иш-чара болду", - деди волейбол боюнча кыз-келиндер арасында өткөн мелдештен жеңүүчү болгон "Кара-Ой" командасынын башчысы Бактыгүл Мүсүралиева.
Эң кызыгы оюндун экинчи күнүндө орун алып, күлүктөр жарышка чыкты. Бул күнү Сасык-Булак айылындагы ат майдан шаңга, колдоп-сүрөөгө жана кызуу мелдешке бөлөндү. Тай, кунан жана ат чабышка жалпысынан 40тан ашуун жылкы түштү. Бул таймашка кошуна Искендер Осмонкулов атындагы айыл өкмөттөн дагы күлүктөр конок катары катышып байгелүү орундарды ээлешти. Аларды да “Альянс-Алтын” куру кол кетирбей, акчалай байгелерин ыйгарды.
Ат чабышка түшкөн 16 ат айлампаны 6 ирет айланды. Арасынан биринчи болуп Кеңеш айылынын тургуну, саяпкер Станбек Осмоновдун күлүгү келди.
Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан Көк-Бөрү оюну жергиликтүү айыл элинен турган 6 команданы беттешке түшүрдү. Жыйынтыгында атаандаштарын 3:0 эсебинде артта калтырып "Кара-Ой" курама командасынын жигиттери алдыга озуп чыкты.
Майрамдык иш-чаранын соңунда оюндардын жүрүшүнө тыкыр көз салып турушкан калыстардын чечимдери менен жеңүүчү деп табылышкан командаларга “Альянс-Алтын” компаниясынын өкүлдөрү атайын кубокторду, акчалай сыйлыктарды жана дипломдорду тапшырды.