Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 28-мартта, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев менен кыргыз тилинин өнүгүшүнүн келечегин талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү 2013-2017-жылдарга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын маанилүү бөлүгү экендигин баса белгиледи. Ошондой эле кыргыз тилин окутууда билим берүү тармагына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жана жаштардын арасында жайылтуу керектиги айтылды.
Назаркул Ишекеев өлкөдө тил саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгү боюнча жана Кыргыз Республикасында 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын аткарылышы боюнча маалымат берди. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин улуттук тест жүргүзүү борборунун “Кыргызтест” башкармалыгы тарабынан даярдалган тесттердин интернеттеги колдонуучулар үчүн атайын электрондук программасын иштеп чыгуу бул багыттагы негизги кадам экенин айтты.