Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдогон митингде 5 суткага кармалгандар бошотулушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова билдирди.
Анын айтымында, камактан бошотулган 64 адамдын арасында Жапаровдун уулу Ринат Жапаров бар. "Учурда адвокаттарыбыз балам Рустам Жапаровду бошотуу же №47-колонияга которуу боюнча иш жүргүзүп жатышат. Анткени аталган колонияда дарылануучу жай бар экен. Акыйкатчы Кубат Оторбаевден, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн жардам сурап жатабыз", - деди Жапарова.
Айта кетсек, 25-мартта УКМКнын алдында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин Бишкек ШИИББинин кабыл алып бөлүштүрүү жайына киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары кармалгандардын 12сине кылмыш иши козголуп, алар 2 айга камалышкан. Алардын арасында Рустам Жапаров бар. Бул кылмыш иши "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде экени айтылган.
Митинг учурунда 5 милиция кызматкери жабыркаган.