Президентке өлкөдөгү диний кырдаал жөнүндө маалымат берилди

Кыргыз жеринде диний кырдаалдын өнүгүшүнө мониторинг жүргүзүп, тийиштүү чараларды өз убагында көрүү керек.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 31-мартта муфтий Максатбек Токтомушев жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов менен жолугушууда айтты. Атамбаев мамлекеттүүлүктү бекемдөө багытында өкмөттүк органдар менен диний уюмдар биргеликте иш жүргүзүшү керектигин билдирди.

Жолугушууда өлкөдөгү диний кырдаал, дин жаатында мамлекеттик саясаттын эффективдүүлүгүн көтөрүү жолдору талкууланды. Президенттик администрацияга таянсак, Эргешов дин тармагында жасалып жаткан реформалар, экстремизмге каршы турууда күчтөрдү бириктирүү аракеттери жөнүндө маалымат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан