Тергөө абактарында ашкана бычактарын пайдалануу боюнча эрежелер бар. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, "Тергөө абактарынын камералары камсыздала турган буюмдар" жөнүндө эрежеге ылайык, ашкана бычактарына жана кайчыларга белгилер коюлуп, тергөө абагынын жетекчилиги тарабынан зарылчылыкка жараша берилет.
Айта кетсек, кечээ 2-апрелде Садыр Жапаров №1-тергөө абагында өз колун жана моюнун кескен, мындан улам Бишкектеги №47-колониянын ооруканасына жеткирилген.
Буга чейин 25-мартта Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. Ал "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө №1-тергөө абагына камалган.