Президент: Өлкөдө тополоң чыгарууну каалагандарды СИЗО күтөт

Өлкөдө тополоң чыгарууну каалагандарды СИЗО күтөт. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 3-апрелде Өлкөнү 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү кеңешинин жыйынында билдирди.

Өлкө жетекчиси 2010-жылы СИЗОго отургузулганын, ал жерде кармалгандар чучук, казы-карта жеп отурганын эскертти.

"Бирок азыр кырдаал башкача. Тополоң чыгаруу үчүн келсең, сени СИЗО күтөт. Анын эшиктери ачык. Тынчтык, туруктуулук - биздин башкы жетишкендик. Кыргызстан эгемендүү мамлекетке айланды. Биз кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербейбиз. Өлкөбүз улуттук жана маданий кайра жаралуунун тарыхый этабында баратат", - деди мамлекет башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан