Алмазбек Атамбаев: "Текебаевдин иши боюнча 10 күбө бар"

Бишкекте бүгүн, 3-апрелде президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө мамлекет башчы Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча 10 күбө бар деп билдирди.

"Ушул кылмыш иштерин ачык иликтеш керек болуп жатат. Мен өзүм УКМКнын жетекчисин чакырып, "күбөлөрдүн көрсөтмөсүн берелиби" дедим. Ошол эле Текебаевдин иши боюнча 10 күбө бар. Бирок тергөөдөгү купуялык деген бар. Эгер ал (УКМКнын башчысы) баарын ачыктаса, кийин өзү күнөөлүү болуп калат", - деди Атамбаев.

Президент апрель айынын соңуна чейин Текебаевдин иши сотко өтөрүн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан