“Адамдар диний көз караштан улам өз балдарын эмдетишпей жатат”, - деп бүгүн, 3-апрелде парламентте Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында республикалык иммунопрофилактикалык борборунун директору Жолдош Калилов билдирди.
КСДП фракциясынын депутаты Альфия Самигуллина Кыргыз мамлекетинде канча үй-бүлө балдарына эмдөө жасатуудан баш тартып жатканына кызыкты.
Калиловдун айтымында, түшүндүрүү иштерине байланыштуу былтыр саны кыскарды. 2012-жылы алардын саны 6 472 болсо, азыр 4 111 адамга чейин азайган.
“Диний көз караштан улам жасатпай жаткандар бар. Ошол эле учурда көпчүлүк интернет менен байланышып иштеген ата-энелер балдарына жасатпайт. Саламаттыкты сактоо министрлиги жана диний башкармалыгынын түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча келишими бар”, - деди ал.