Депутат Жанар Акаев Канжар Кадыралиевдин соттук отурумдагы билдирүүсү боюнча ММКлардын бирине комментарий берип, муну менен ал сот жоопкерчилигинен качуу аракетин көрүүдө деди.
"Тоноочулук, бандиттик жана рэкетчилик менен айыпталып жаткан Канжар Кадыралиев бийликке кызмат көрсөтүү менен өзү жаза алуудан качып жатат. Мени көрө албагандар бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кетишсе, мен таң калбайм. Канжар Кадыралиев бандиттикке аралашып, прокуратурага уюшкан кылмыштуу топтон келгени сыр эмес. Талап-тоноо, опузалоодон жабыр тарткандар акыйкаттыкты табыша албай жатканы көрүнүп турат. Кээ бири гана ага карата каршы чыгышканы болбосо, ондогон жабырлануучу айтпай жүрөт. Мен өзүмдүн элим үчүн жана адилеттик үчүн күрөшө берем. Алар мурда да мени коркута да, сатып да ала алышкан эмес. Бул жолу да эч нерсе чыкпайт" - деди.
Белгилей кетсек, 31-мартта Канжар Кадыралиевдин иши боюнча соттук отурум Бишкектеги Октябрь райондук сотунда өткөн. Анын жүрүшүндө К.Кадыралиев Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев журналист болуп иштеп жаткан мезгилде аны каралоо үчүн пара алгандыгын билдирген. Анын жактоочусу Икрамидин Айткулов 3-апрелде SUPER.KG порталына "Ж.Акаевдин пара алганы боюнча далилдер иликтөөчү органга берилет", - деген.
Башкы прокуратура 2014-жылдын 30-сентябрында, 14-ноябрында жана 5-декабрында Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон.
Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 2015-жылдын 26-мартында Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы жарыяланган. Жогорку Сот 2016-жылы 27-январда К.Кадыралиевди үй камагында кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.