Депутат Садык Шер-Нияз: "Онкологиялык тармакты жеке менчик тараптын колуна өткөрүп берүүдө кооптонуулар бар"

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз онкологиялык тармакты жеке менчик тараптын колуна өткөрүп берүүдө кооптонуулар бар экенин айтты.

Жыйында "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" мыйзам долбооруна сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карап, кайра иштеп чыгууга жөнөттү. Себеби депутаттар аталган мыйзам долбоорунун кемчиликтери бар экендигин айтып чыгышты.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов сыркоолуулардын тандоосун эске алуу керек экенине токтолду. Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Альфия Самигулина: "Эгер медицинанын мамлекеттик жана жеке менчик түрү болсо, сыркоолуулардын тандоосуна жакшы болгону менен, кесипкөй адистердин басымдуу бөлүгү айлыгы көп менчик медициналык мекемелерге иштеп кетет. Абал ошол нук менен чындап улана турган болсо, анда пенсионерлер менен бюджеттик түзүмдөрдө иштегендердин абалы кандай болот? Мындай анык түсү билинбеген суроолор көп", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан