"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз Ички иштер министрлигине саат 10:00дө суракка киришти.
Сурак башталар алдында Канатбек Азиздин өзүнүн жактоочусу жок болгону үчүн ал суракка алынган жок. Ал эми Таалайгүл Токтакунова суракта адвокатсыз эле өзү жооп берерин айтты. Жыйынтыгында Токтакунованы бүгүн саат 15:00гө кайра суракка чакырышты.
Айта кетсек, 31-мартта Текебаевдин адвокаттарына "жалган билдирүү жасоо" боюнча айып тагылып, кылмыш иши козголгон эле. Канат Азиздин айтымында, кылмыш ишинин материалдары колуна бериле элек. "Бул кылмыш иши биздин Башкы прокуратурага "президенттин сөздөрүнө укуктук баа берүү жана соттук-медициналык экспертиза өткөрүү керек" деген кайрылуубуз үчүн козголушу мүмкүн", - деген Азиз.
Айта кетсек, Кылмыш-жаза кодексине ылайык, "Атайылап жалган билдирүү жасоо" беренеси боюнча 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин айып пул салынат же болбосо үч айдан алты айга чейин камакка алынат. Эгер "оор жана өзгөчө оор кылмыш жасады" деген айыптоо менен же айыптоонун жасалма далилдерин түзүү менен жасалса, анда беш жылга чейин кесилет.